Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Бүгүн - Кыргызстанда Мамлекеттик тил күнү


1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алып, ал "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам менен бекиген.

Бул күнгө карата өткөн жумадан тартып иш-чаралар өткөрүлүп келатат. Алдыдагы аптада да ар кандай салтанаттар, илимий иш-чаралар уланат. Бул тууралуу президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Чолпон Түмөнбаева билдирди. Аталган комиссия тил күнүнө карата “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кыргыз тилинин жазуу эрежеси”, “Эл дөөлөтү – эне тил” деген үч китепти чыгарды. (AKu)

XS
SM
MD
LG