Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Өзбекстанда жарандык активисттер камалды


Өзбекстандын активисттери “Азаттыкка” “Ташкент шаарындагы Күйлүк конушунда көз карандысыз кесиптик бирлик түзүү аракети түрмөгө камоо менен аяктады” деп билдиришти. Маалыматка ылайык, эмгек биржасында, башкача айтканда күнүмдүк жумушка жалданып иштегендер турчу жерге эки жарандык коомдун активисттери кесиптик бирлик түзүү үчүн келишкен. Фахриддин Тиллаев жана Нуритдин Жуманиязов жалданып иштеген адамдарга өз укуктары тууралуу баракчаларды таратып жаткан жеринен аларды милиция кызматкерлери камакка алышты. Алар Ташкенттин Хамзи райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Камалгандар укук коргоочу Абдулло Тажибай уулуна кабар беришкен. Маалымат жөнөткөн активисттердин айтымында, кийин укук коргоочу да камалган.
Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн айтымында, Өзбекстандын Баш мыйзамына же башка мыйзмадарына ылайык, кесиптик бирлик түзүүдө эч кимден уруксат суроонун кереги жок. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG