Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

АКШ Украина жетекчилери тууралуу резолюция кабыл алды


АКШ конгрессинин сенаты Украина бийлигине каршы саясий санкция киргизүүнү сунуштаган резолюция кабыл алды. Ал Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенкону узак убакыттан бери түрмөдө кармоого байланыштуу.

Резолюцияны иштеп чыккан республикачыл сенат Жеймс Инхоф Тимошенко саясий негизде соттолгон деп эсептейт. Резолюцияда дарыланууга муктаж болгон мурдагы өкмөт башчысын тез арада бошотуу да айтылган. АКШга барууга тыюу салынган украиналык башкаруучулардын арасында президент Виктор Янукович да бар.

Юлия Тимошенко Украинанын өкмөт башчысы болуп иштеген мезгилде Орусия менен газ боюнча келишим түзүүдө кызматынан кыянат пайдаланган деген айып менен 7 жылга эркинен ажыратылган. (AKu)

XS
SM
MD
LG