Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


23-24-сентябрда Кемин өрөөнүндө, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы -2 ... 0 градуска чейин төмөндөйт.

Аба ырайы

24-сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3...+8, түндүк тарабынын айрым жерлеринде -2 ... 0 градус, күндүз +19...+24; Талас облусунда түнкүсүн +0...+5, айрым жерлерде -2 .. 0, күндүз +17...+22; Баткенде түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25 градус; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +23...+28; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...+5, айрым жерлеринде 12 ...0, күндүз +16...+21; Нарында түнкүсүн +0...+5, айрым жерлеринде -2 .. 0, күндүз +18...+23 градус; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз +14...+19; Тоолордо түнкүсүн -5...-10, ал эми күндүз -1...+4 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +22...+24 градус болот.

XS
SM
MD
LG