Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Атактуу мушкер Корри Сандерс бандиттин огунан өлдү


Жекшемби күнү оор салмактагы атактуу боксчу, 46 жаштагы Корри Сандерс бандиттердин огунан алган жараатынан жан берди. Түштүк африкалык атактуу мушкер Брит шаарындагы ресторандардын биринде үй-бүлө, жоро- жолдоштору менен кызынын туулган күнүн белгилеп жатканда, ресторанды тоногону келген куралчандар аткан ок курсагына тийип, оор жараат алып, кийин ооруканада көз жумду.

Корри Сандерс 2003-жылы Германиянын Гановер шаарындагы таймашта Дүйнөлүк боксерлор союзунун чемпиону Владимир Кличкону экинчи раундда жеңип, атактуу болгон. Азыркы дүйнө чемпиону Владимир Кличко үч жолу гана жеңилсе, анын бирин Корри Сандерске жеңилген.

Сандерс 44 жолу беттешке чыгып, 42 жолу атаандашын жеңген. Анын 31 таймашын нокаут менен уткан.

XS
SM
MD
LG