Израил 1979-жылкы Египет менен түзүлгөн тынчтык келишимине “эч кандай өзгөртүү” киргизгенге ынабайт. Бул жөнүндө Израилдин тышкы иштер министри Авидор Либерман жекшемби күнү маалымдады.
2011-жылы Хосни Мубарак президенттиктен кулатылгандан бери көптөгөн египеттик саясатчылар, анын ичинде жаңы президент Мухаммед Морси жана “Мусулман агайындар” кыймылы - береги келишимдин Синай жарым аралындагы Египет аскерлеринин санын чектеген беренесин өзгөтүүгө чакырышууда. Египет жетекчилигинин айтышынча, региондо мыйзамсыздык күчөп бараткан шартта аскерлердин санын чектөө өлкөнүн күнкорсуздугуна ылайык келбейт.
21-сентябрда Египет-Израил чек арасында болгон коогалаңда үч куралчан жана бир жөөт аскер курман болгон. “Ансар Байт ал-Магдас” деп аталган жихадчы топ Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган фильм үчүн чек арачылардын черүүсүнө кол салганын билдирди.