Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Беларуста парламенттик шайлоо өттү


Беларустун Борборшайлоокому жекшемби күнү парламенттик шайлоону өттү деп жарыялады. Расмий жыйынтыкка караганда, шайлоочулардын 74 пайызы катышкан шайлоодо Беларустун эл өкүлдөр палатасындагы 110 орунга 109 талапкер жетиштүү добуш топтоп, 1-турда эле өтө алышты. Алардын баары президент Лукашенконун тарапташтары.

Оппозиция шайлоого бойкот жарыялды жана бийликтен саясый туткундарды абактан чыгарууну талап кылды. Беларустун Бирдиктүү жарандык партиясынын төрага өкүлү Ярослав Романчук 23-сентябрда “Ал-Жазиира” телеканалына берген интервьюсундада азыркы жагдай 2010-жылкы президенттик шайлоо убагындагыдан да начар экенин айтты:

- Абал начарлады. Азыр бизде саясый туткундар бар. Оппозиция добуштарды саноого катышпады. Телевидениеде цензура киргизилген. Президенттик шайлоону бир аз да болсо эркин жана адилет өттү деп айта алмакпыз. Азыркы шайлоодо элде андай мүмкүнчүлүк жок.

Президент Лукашенко добуш бергенден кийин журналисттер менен кездешип, эл аралык байкоочуларга “кантип ачык-айкын жана калыс шайлоо өткөргөндү Беларустан үйрөнүш керек” деп, шайлоодон кийин Батыш менен алака оңолот деген үмүтүн айткан.

XS
SM
MD
LG