Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Кыргызстанда бүгүн үй-бүлө күнү белгиленет


Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү белгиленет. Мындай токтомду былтыр октябрь айында Жогорку Кеңеш депутаттары кабыл алган.
Анда жыл сайын 24-сентябрда үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнүн белгилөө каралган.

Мындай майрамды белгилөө демилгесин көтөргөн депутат Айнуру Алтыбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, майрам үй-бүлө институтун өнүктүрүү, коомдо ишенимди, калыстыкты, кайрымдуулукту жана кечиримдүүлүктү чыңдоо максатында көздөйт.
Бүгүн бир катар мамлекеттик мекемелерде майрамдык иш-чаралар уюштурулары күтүлүүдө.

Президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылды үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялаган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG