Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Жалал-Абадда ветеринарларга кылмыш иш козголду


Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук прокурордун орун басары Нурлан Коңкошев билдирди. Анын айтымында, "чечекке" каршы эмделген койлордун массалык кырылышы боюнча текшерүү жүргөн. Жыйынтыгында Сузак райондук ветеринардык кызматтын жооптуу кызматкерлери ишине шалаакылык менен мамиле кылганы аныкталган. Учурда тергөө уланууда.

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмаз Малабеков чечек ылаңына каршы дарыны Талип Ташболотов аттуу мал догдур өзбекстандык тааныбаган адамдан сатып алганын “Азаттыкка” билдирди. Ташболотов милицияга сурак берүүдө. Мал догдурдагы колдонула элек дарылар алынды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG