Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Жалал-Абадда кой этин сатууга убактылуу тыюу салынды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Жалал-Абадда чечекке каршы эмдөөдөн кийин кырылган кой этинен жасалган тамак-ашты 5 миңдей адам жеген. Учурда дарыгерлер бул адамдарды каттап, көзөмөлдөп жатат. Оорулуулар көбөйүшү ыктымалдыгынан улам райондук, айылдык жана облустук оруканаларга кошумча керебеттер коюлду, дары-дармек камдалды. Бирок ушу тушка чейин ооруган адам каттала элек.

Министрлик чечек илдети адам ден-соолугу үчүн өтө деле опурталдуу эместигин, бирок койлорду эмдөө үчүн колдонулган вакцинанынын курамы белгисиз болгондуктан адам саламаттыгына кандай таасир этерин азырынча айта алышпай турганын маалымдады.

Бишкектен Жалал-Абадга дарыгерлер тобу жөнөтүлгөнү жатат. Буга чейин окуя катталган аймакка саламаттыкты сактоо министринин орун басары барып келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG