Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Беларус парламентине оппозиция кирбей калды


Беларуста парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, оппозициянын бир дагы талапкерине депутаттык мандат тийген жок. 109 киши көпчүлүк добуш менен жеңди, дагы бир чөлкөмдө шайлоонун экинчиси айлампасы өткөрүлөт. Жаңы парламентке Коммунисттик партиянын 3 өкүлү жана Агрардык партиянын 1 мүчөсү кирмей болду. Эки партия тең президент Александр Лукашенканы колдойт. Оппозициядагы көпчүлүк партиялар шайлоону бойкоттоп, добуш берүүчүлөрдү өнөктүккө катышпоого үндөп келишкен. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жөнөткөн 300дөй байкоочу өз бүтүмүн бүгүн кечинде бермекчи.

XS
SM
MD
LG