Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:54

Иранда экс-президенттин уулу кармалды


Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанин уулу чет өлкөдөн кайтып келген соң кармалганы кабарланууда. Ирандын расмий маалымат булактары ырастагандай, Мехди Хашеми Британияда 3 жыл жашап, кечээ мекенине кайткан. Ошол эле күнү ал Тегерандагы Эвин түрмөсүнө сурак берүү үчүн алынып кеткен. Ага коррупция жана мамлекетке каршы үгүт деген беренелер боюнча айып тагылууда. Бир тууганы Фаезех Хашеми болсо ишембиде кармалып, мамлекетке каршы үгүт үчүн айыпталып, 6 айга түрмөгө кесилген. Экөө тең 2009-жылы президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайлануусунан кийин тутанган нааразылык акцияларына шыкакчы болгон деп күнөөлөнүүдө. 2005-жылкы шайлоодо Ахмадинежадга утулуп калган экс президент Рафсанжани Иранды башкарган элитадагы жападан жалгыз байистүү саясатчы катары сыпатталып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG