Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Жазуучу Касымалы Баялиновду эскерген жыйын өтөт


Жазуучунун 110 жылдык мааракесине карата бүгүн Бишкектеги улуттук китепканада эскерүү конференциясы уюштурулат. Конференцияга чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, окумуштуулар, студенттер жана окуучулар катышат. Анда жазуучунун чыгармалары боюнча мыкты эссеге, мыкты сʏрөттөргө жарыяланган конкурстун жыйынтыгы белгилүү болот.

21-сентябрда Касымалы Баялиновдун мааракесине арналган атайын көргөзмө ачылган.

Кыргыз эл жазуучусу Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында туулган. Ал кыргыз жазма адабиятынын башатында туруп, анын “Ажар” повести кыргыз тилинде басылган алгачкы чыгармалардын бири болгон. Андан соң “Көл боюнда”, “Боордоштор” сыяктуу романдарды жазган. Жазуучу 1979-жылы дүйнө салган.(BkA)

XS
SM
MD
LG