Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Активисттер Бекназаровдун талапкерлигине каршы чыгууда


Жарандык активисттер саясатчы Азимбек Бекназаровду Конституциялык палатанын судьялыгына өткөрбөө үчүн кол топтогону жатышат. Бул тууралуу сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, айрым жарандык лидерлер Бекназаров судья болсо, соттук жараяндарды саясатташтырып жиберет деп кооптонушуп, ал Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган учурда Конституциялык сот мыйзамсыз жоюлуп кеткен деген жүйөөнү карманышууда.

Бул дооматтарды Азимбек Бекназаров четке кагып, кол чогултам деген топтун аркасында өзүнө каршы күчтөр турганын “Азаттыкка” билдирди. Ал Конституциялык палатанын судьялыгына өз тартибинде ат салыша берерин кошумчалады.

Сотторду тандоо кеңешинин маалыматына ылайык, Азимбек Бекназаров тандоонун биринчи турунан өттү. Ал былтыр Жогорку Соттун судьялыгына да талапкерлигин көрсөтүп, өтпөй калган. Ушул жылдын августа айында Бекназаров саясатка кайтып келгенин жарыялаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG