Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстанда 430 тонна алтын кору бар


Кыргызстандын мамлекеттик балансында чалгындоодон өткөн 430 тонна алтын кору бар. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев бүгүн министрликте өткөн аппараттык кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 208 миң тонна калай, 144 миң тонна вольфрам, 350 миң тоннага жакын алюминий бар.

“Азыркы шартта тоо-кен тармагын чет өлкөлүк инвесторлордун жардамы менен гана өнүктүрүүгө мүмкүн болуп жатат. Инвесторлор коопсуздугуна ишенгенде гана биздин өлкөгө келет. Чындыгында Кыргызстанда инвестициялык климат начарлоодо”, - деди Темир Сариев.

Экомика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүнкү кеңешмеде тоо-кен тармагынын көйгөйлөрү талкууга алынууда. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да катышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG