Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ноокатта жол тоскондор тарап кетишти


Ноокат районунда Ош-Ноокат жолун тоскон жергиликтүү айдоочулар өз талаптарын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө билдиргенден кийин тарап кетишти. Алар бузулган жолдор тез аранын ичинде оңдолушун жана премьер-министрдин абал менен жеринен таанышып кетишин талап кылышты. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашыралиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, айдоочулар талаптары аткарылбаса, мындан да масштабдуу нааразылык акциясын уюштура турганын эскертишти.

Жергиликтүү милиция бүгүнкү жол тосуу маалында кеминде беш жүзгө жакын автоунаа токтотулганын билдирсе, Ноокат районунун акими Замирбек Аскаров бул сан миңден ашканын “Азаттыкка” кабарлады. (KKs)

XS
SM
MD
LG