Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

Сирияда бир жарым миллион адам гуманитардык жардамга муктаж


Бүгүн да Сириянын ири шаарларында оппозициялык жана өкмөттүк күчтөр кагылышты. Аткылашуудан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок. Бир аз мурдараак БУУнун жана Араб лигасынын атайын чабарманы Лахдар Брахими БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, Сириядагы жаңжал жакын арада токточудай түрү жок экенин айткан. Брахиминин айтымында, өлкөдө кырдаал күн санап начарлоодо. Сирияда азыр азык-түлүк кризиси болууда, эки тарап тең колго түшкөндөрдү өлтүрүп, же кыйноого алууда. Гуманитардык чукул жардамга бир жарым миллион адам муктаж. Бүгүн Сириядагы жаңжал БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG