Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Тажик бийлигинде Тоолуу-Бадахшан боюнча “кара тизме” жок


Президент Эмомали Рахмон Тоолуу-Бадахшанга барган кезинде. 19-сентябрь, 2012-жыл.
Президент Эмомали Рахмон Тоолуу-Бадахшанга барган кезинде. 19-сентябрь, 2012-жыл.
Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимов билдирди.

Быйыл жайда Тоолуу-Бадахшандагы кагылыштарга катышкандардын “кара тизмеси” бар деген маалыматтарды четке каккан тажик ички иштер министринин айтымында, куралын өткөрүп, тергөө менен кызматташкан согушкерлер сот жообуна тартылбайт.

Быйыл июлда Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жергиликтүү башчысы киши колдуу болгондон кийин Тоолуу-Бадахшанда өткөрүлгөн атайын операция учурунда 70тей киши өлгөн.

Жергиликтүү тургундардын ырастоосунда, кагылышта каза тапкандардын көпчүлүгү согушкерлер эмес, жөн-жай адамдар.

Тажик президенти Эмомали Рахмон өткөн аптада Тоолуу-Бадахшанга барган кезинде согушкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүлбөй турганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG