Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. Аталган романдын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды иреттеп жаткан учурда табышкан.

“Жер жана флейта” деп аталган орус тилинде жазылган романда Чоң Чүй каналын куруу мезгили сүрөттөлгөн.

Ширин Айтматованын айтымында, роман мындан көп жыл мурда жазылган болушу мүмкүн. Кол жазманын барактары саргайып калган экен. Басмага даяр болуп калган романдын эмне себептен жарыкка чыкпаганы белгисиз.

Эми жазуучунун үй-бүлөсү романды бир жыл аралыгында орус тилинде, андан соң башка тилдерге да которууга камынып жатышат. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG