Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Сабировдун соту уланат


Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировдун үстүнөн сот жараяны уланат. 12-сентябрдагы жараян айрым күбөлөр келбей калганына байланыштуу токтотулган эле.

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри 5-июлда жетим балдарды асыроого берген чет өлкөлүк фирмадан пара алган деген айып менен кармалган. Кийин ал Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кепилдиги менен үй камагына чыгарылган. Равшанбек Сабиров өзүнө тагылган айыпты атайын уюштурулган иш катары баалаган. Сабировдон соң ушундай эле айып менен анын орун басары Гүлнара Дербишова камалган эле. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG