Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Жалал-Абадда кырылган койлордун саны 1900дөн ашты


Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн өткөн 1905 кой өлдү. Облустук ветеринария жана тез жардам берүү башкармалыгынын башчысы Жумабек Аскаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, чабандарга сатылып кеткен вакцинанын курамында эмне бар экени аныктала элек. Өлгөн койлордо башка жугуштуу оорулардын белгиси байкалган жок. Ушул тапта таркап кеткен вакцинанын 400дөй дозасы табыла элек.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан жараны ветеринардык дарыгерге вакцинанын 4 миңдей дозасын саткан. Алардын 3600үн чабандар сатып алган. Бул вакцина жалпы 2900дөй койго сайылган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG