Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда кырдаал тынч


Бул тууралуу “Азаттыкка” районундун акими Атантай Рыскулов билдирип, улуттар аралаш жашаган аймактарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” кабарлады. Кечээ эки жарандын үй камагына чыгарылышына каршы болгон топ Ала-Бука районунун борборуна нааразылык билдирип чыгып, чечим чыгарган сотту ур-токмокко алышкан. Аймактагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жалал-Абаддан жүзгө чукул кошумча милиция жөнөтүлгөн.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, 8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек улутундагы балдар уруша кетишкен. Натыйжада эки тарап бири-бирине каршы арыз жазган. Бул окуя боюнча өзбек улутундагы эки балага ээнбаштык боюнча айып тагылып, алар 24-сентябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кечээки нааразылык акциясынан кийин эки жарандын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алынды. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG