Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди каттоо баштады


25-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге жана Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкерлерди каттоо башталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Анын айтымында, саясий партиялар шайлоого 40 күн калганга чейин талапкерлерин көрсөтүшү керек. Өзүн-өзү көрсөтүүчү талапкерлерге болсо шайлоого 30 күн калганга чейин каттоодон өтүүгө уруксат берилет.

Ноябрда жалпысынан Кыргызстандагы 416 айылдык кеңешке жана 25 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо болот. Анын ичинде Бишкек шаардык кеңешке да жаңы депутаттар шайланмакчы. Андан соң кеңештин депутаттары шаар мэрин шайлашмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG