Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Дамаск: Куралдуу күчтөрдүн штабынын жанында бомба жарылды


Сириянын маалымат министри Дамасктагы жардыруудан эч ким набыт болбогонун билдирди. Бомба Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жанында болгон. Министр Омран ал-Зохбинин айтымында, күчтүү, колго жасалган жардыруучу жабдыктар жарылган. Алардын бири болжолу менен армия командачылыгы жайгашкан имаратты курчаган тосмонун ичине коюлган. Эрегешчилердин Эркин Сирия армиясы кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Сириядагы жаңжал 19 айдан бери уланып келатат жана кармаштар барган сайын баш калаа Дамаскка да жайылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG