Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Рахмон элди жылдык азык-түлүк камдоого чакырды


Тажик президенти Эмомали Рахмон элди узун жана катаал кыштан чыгуу үчүн эки жылдык азык-түлүк камдоого чакырды. Рахмон дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө дан эгини аз жыйналып, баалар өскөндүктөн, ар бир карыш жер айдалууга тийиш деди. Бул тууралуу тажик президентинин сайтында айтылат.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, тажиктердин төрттөн үч бөлүгү дыйканчылык менен алектенсе да, азык-түлүк тартыштыгы кадимкидей сезилет. Тажиктердин орточо маянасы 100 доллардын айланасында болсо, пенсия 15 долларга барабар. БУУнун статистикасы боюнча 7 жарым миллиондуу калктын жарымынан көбү жакырчылыкта жашайт.

XS
SM
MD
LG