Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Ошто мектеп окуучулары абак жайларын кыдырышууда


Бүгүндөн баштап Ош шаарындагы мектептердин 8-11-классынын окуучулары шаардык Ички иштер башкармалыгына караштуу убактылуу кармоочу жай менен таанышууда. Мындай иш-чара шаарда жыл сайын өтүп, мектеп рэкетчилигин алдын алуу, кылмышты азайтууга багытталган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, балдарга камакты көрсөтүү менен милиция алардын аң-сезимине кылмыштын аягы жакшылыкка алып келбейт деген түшүнүктү сиңирүүгө аракет кылууда.

Шаардагы 56 мектептин жогорку классындагы бардык окуучулар атайын түзүлгөн жадыбал боюнча аптанын соңуна чейин камактагы жашоо менен таанышат. (SE)

XS
SM
MD
LG