Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Жалал-Абадда мал кырылышы боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда койлордун күр кырылышын иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Ал күнөлүүлөр өз жазасын алаарын айтып, окуя боюнча төрт кылмыш иши козголгонун кабарлады. Жогорку Кеңеш бүгүн койлордун кырылышынын себеп, кесепетин талкуулоодо. Анда айтылган соңку маалыматка ылайык, Жалал-Абадда чечекке каршы эмдөөдөн улам кырылып калган койлордун саны 1912ни түздү. (KKs)

XS
SM
MD
LG