Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

Жарандардын талаптарын камтыган сайт ачылды


Кыргызстанда жарандарга ар кыл талаптарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген pikir.kg сайты ачылды. Жаш активисттер түзгөн бул сайт аркылуу интернет колдонуучулар коомдогу окуялар боюнча бийликке өз пикирин билдирип, кайсы бир көрүнүш боюнча онлайн тартипте кол топтой алышат. Ал үчүн колдонуучулар сайттан каттоодон өтүп, талаптарын жазып калтырууга тийиш. Эгер башка колдонуучулар бул талапка кошулса, өз добушун берип кетмекчи. Бул долбоор коомчулуктун кызыкчылыгын интернеттеги петиция жана талаптар аркылуу коргоону көздөйт. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG