Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Иран Сириядагы кабарчысы набыт кеткенин маалымдады


Иран Дамасктеги кош жардыруудан кийин снайпердин огунан ирандык Press TV каналынын кабарчысы каза болуп, дагы бир журналист жараат алганын билдирди. Анын алдында Сириянын маалымат министри баш калаадагы жардыруудан эч ким жабыркабаганын айткан. Бомба куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жанында жарылган. Министр Омран ал-Зохбинин айтымында, күчтүү, колго жасалган жардыруучу жабдыктар жарылган:

- Материалдык гана чыгым болгонуна, Башкы командачылык штабында жана Коргоо министрлигинде иштеген жолдошторубуздун бардыгы аман-соо экенине бардыгыңарды ишендирем. Интернетте жана кээ бир сателлит каналдарында пайда болгон маалыматтар чындыкка коошпойт. Кызматкерлер кадимикдей эле ишин улантышууда.

Эрегешчилердин "Эркин Сирия" армиясы кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Оппозициянын ырастоосунда, жарыруулардан кийин ок атышуу башталган. Сириядагы жаңжал 19 айдан бери уланып келатат жана кармаштар барган сайын баш калаа Дамаскка да жайылууда.

Сириядагы кризис БУУнун Башкы ассамблеясында козголду. Франция президенти Франсуа Олланд Нью-Йорктогу пресс-конференцияда анын өлкөсү козголоңчулардын колундагы аймактарды коргоо жолдорун табууга кызыкдар деп билдирди.

XS
SM
MD
LG