Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:05

Египет президенти БУУда алгач ирет сүйлөдү


Мухаммед Мурси мамлекет башчысы катары Башкы ассамблеядагы алгачкы сөзүндө БУУ мүчөлөрүн Палестин мамлекети түзүлүүсүн колдоого чакырды. Ал белгилегендей, БУУ мүчөлөрүнүн көбү “араб элдеринин” соңку ыңкылаптарын колдоду, эми Палестин мамлекети курулушун колдой турган мезгил келди. Коңшу Сириядагы жаңжалды “кылымдын трагедиясы” деп атаган Египет президенти жаңжалга аскерий интервенция жолу менен кийлигишүү сунуштарын сындады.

Мурсинин айтымында, Египет өз тарабынан Сириядагы жарандык согушту токтотуу үчүн тынбай аракет көрөт. Египет президенти ошондой эле Израилди Иран өзөктүк куралга ээ болушун алдын алуу үчүн сокку уруу жөнүндөгү коркутуулары үчүн зекиди.

Мурси белгилегендей, эл аралык коомчулук алдын-ала сокку уруу принцибин кабыл албоосу жана мыйзамдаштырбоосу зарыл. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG