Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Украинада бийликтеги партия жалган жалааны кылмышка теңөөдөн баш тартты


Бийликтеги Региондор партиясы жалаа жабууну түрмө жазасы колдонулуучу кылмыштардын катарына кайра кошууну караган мыйзам долбоорун өткөн аптада биринчи окуудан өткөргөн. Бирок оппозициянын жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын сынынан кийин мыйзамды алга жылдыруу планын токтотту. Демилгени президент Виктор Янукович да “жаңылыштык” деп атап, каршы чыккан эле.

Бийликтеги партия даярдаган мыйзам долбоорго ылайык, жалган жалаа жапты деп айыпталгандар беш жылга чейин түрмөгө кесилүүсү мүмкүн болчу.

Украин оппозициясы жана көз карандысыз маалымат каражаттар муну 28-октябрдагы парламенттик шайлоо алдында сөз эркиндигине дагы бир ирет сокку уруу катары баалашкан.

АКШ жана башка батыш өкмөттөрү президент Виктор Януковичти бийликке келгенден бери демократиядан тайып, көбүрөөк авторитаризмге ыктап бара жатканы үчүн сындап келет. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG