Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:11

Атамбаев Орусия базасы боюнча жаңы келишимдеги өзгөчөлүктү айтты


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев кечээ кечинде Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Жаңы келишим учурдагы келишимдин мөөнөтү бүткөн соң, 2017-жылы күчүнө кирет.

- 2009-жылы 1-августта Чолпон-Атада Бакиев менен Медведев кол койгон меморандумга ылайык, Орусия базасы Кыргызстанда 49 жылга калып, анан автоматтык түрдө 25 жылга узартылмак. Ошентип 74 жылга калмак. Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдын алып, 15 жылдык келишим түздүк. Ал келишим азыркы иштеп жаткан келишимдин мөөнөтү бүткөн соң, беш жылдан кийин күчүнө кирет.

Буга улай эле Атамбаев Орусия менен келишимге Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон жаңы пункттар киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч туулган учурда, Орусиянын бириккен аскерий базасы жардамга келет. Ошондой эле кыргыз армиясына заманбап курал-жарактардан көмөк көрсөтүп турат. Атамбаев бул келишим эң ириде Кыргызстанга керек экенин, Орусия Кыргызстандын кызыкчылыгындагы шарттарга макул болгонун белгиледи.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG