Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Жарандык коом Сот реформасы боюнча кеңештин курамына нааразы


Жаңыдан түзүлгөн Сот реформасы боюнча кеңештин курамына жарандык коом өкүлдөрү кирбей калды. Бул тууралуу сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, буга чейинки сот реформасы боюнча кеңешке Нурбек Токтакунов, Динара Ошурахунова, Дмитрий Кабак сыяктуу жарандык активисттер мүчө болуп келген. Бирок президент жетектеген кеңештин жаңы курамына аталган активисттердин ордуна айрым ЖОЖдордун мугалимдери киргизилген.

Буга нааразы болгон укук коргоочулар президенттен түшүндүрмө талап кылышууда. Укук коргоочулардын жүйөөсүндө, жарандык коом өкүлдөрү сот реформасына байланышкан маселелерди ачык айтып, туура эмес иштерди сындап келген.

- Сыягы жарандык коом өкүлдөрүнүн мындай кадамдарына ачууланып калышса керек. Эми алардын ордуна кирген окутуучулар, университтердин ректорлору кеңештеги мүчүлүштүктөрдү ачык айтышпайт. Мурдагыдай эле эмне айтылса кол коюп берүүгө макул болгон кеңешке айланып кетүү коркунуч бар, - дейт Карасартова

25-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен президенттин алдында Сот реформасы боюнча кеңеш түзүлгөн. Ал кеңеш Кыргызстандагы сот реформасын жүргүзүүдө мамлекеттик мекемелердин карым-катнашын жакшыртып, реформаны тездетүүнү көздөйт.(BkA)

XS
SM
MD
LG