Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Ала-Букада элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскуловдун бүгүн "Азаттыкка" билдиргенине караганда, аймакта кырдаал тынч. Кечээ митингге чыккандар райондук сотту кызматтан алуу, милицияга, прокуратурага тиешелеүү чараларды көрүү тууралуу талаптарынын аткарылышына 10 күн убакыт берген. Маалыматка ылайык, учурда жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү бийлик органдары чара көрүү жагын карап жатат.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Рысбек Шүкүралиев окуяны жеринен териштирүү үчүн аталган районго баратканын “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ Ала-Букада үч жүздөй адам чогулуп, райондук соттун кызматтан алынышын талап кылган. Андан мурунку күнү бейбаштык үчүн айыпталган эки жарандын үй камыгына чыгарылышына нааразы тарап сотту ур-токмокко алган. Аймактагы кыргыз-өзбек улуттары жашаган айылдардагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Жалал-Абаддан жүзгө чукул кошумча милиция жөнөтүлгөн.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 8-сентябрда райондогу Достук айылында кыргыз жана өзбек улутундагы балдар уруша кеткен. Бул окуя боюнча өзбек улутундагы эки балага ээнбаштык боюнча айып тагылып, алар 24-сентябрда соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кечээ алардын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайра камакка алынды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG