Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Сузакта мал кырылышы боюнча штаб түзүлдү


Чукул кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Жалал-Абаддын Сузак районунда эмдөөдөн кырылган койдун саны 1939га жетти. Учурда бирдиктүү штаб түзүлүп, текшерип-териштирүү уланууда жана карантин бекеттери алына элек.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын төрага орун басары Самат Алиев кечээ парламент жыйынында малдын күр кырылышан келген чыгаша 15 миллион сом болгонун билдирген.

Жалал-Абаддын Сузак районунда чечек оорусуна каршы дары менен эмделген койлор кырыла баштаган. Буга Өзбекстандын жаранынан алынган вакцина себеп болгон. Азыр сурак берип жаткан жергиликтүү мал догдур ал адамдан 4 миңдей доза дары сатып алган. Бул вакцина 2900дөй койго сайылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG