Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Футболчу Зидандын колодон скульптурасы жасалды


Зидан Матераццини көкүрөккө сүзүп оюндан четтеген
Зидан Матераццини көкүрөккө сүзүп оюндан четтеген
2006-жылдагы дүйнөлүк футбол таймашында Франция курама командасынын жарым коргоочусу Зинедин Зидан атаандашы италиялык команданын оюнчусу Марко Матераццини башы менен көкүрөгүнө сүзгөн көрүнүшү колодон жасалды. Алжирлик скульптор жасаган узундугу беш метрлик скульптура эми Париждеги Жорж Помпиду атындагы искусство жана маданият борборунун алдында турат.

2006-жылкы дүйнөлүк футбол мелдешинде кыска убакыт сүйлөшкөндөн кийин Зидан италиялык оюнчуну башы менен көкүрөгүнө сүзүп, кызыл карточка алып оюндан четтеген. Бул атактуу футболчу Зинедин Зидандын футболдук карьерасындагы акыркы оюну болгон.

XS
SM
MD
LG