Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

Бакиевдердин мүлкүн талап-тоноо боюнча 34 факт аныкталды


Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Жээналиев “Азаттыкка”
билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектелген “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары тергөөчүлөрдүн сурагына келбей жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Абдулла Юсуповдун билдирүүсүн териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тергөөчүлөрдүн, күбөлөрдүн жана депутаттардын маалыматтарын иликтөөгө киришти.

Апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча айыпталып, тергөө абагында отурган Юсупов мындай иштерге азыркы “Ата Мекен” фракциясынын төрт депутатынын көрсөтмөсү менен барганын айтып чыккан эле. Буга байланыштуу өкмөттүк жана депутаттык комиссия түзүлгөн болчу.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ жергиликтүү телеканалдарга курган маегинде кылмышка аралашкан ким болбосун - саясий лидерби, мамлекеттик ишмерби, мыйзам жоопкерчилигине тартылат деп билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG