Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Сириялык качкындардын саны жыл аягына чейин 700 миңге жетиши мүмкүн


Cириялык качкындардын Ирактагы лагери.
Cириялык качкындардын Ирактагы лагери.
Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты айтууда.

Бул мекеменин бейшемби күнкү билдирүүсүнө караганда, 294 миң качкын буга чейин эле төрт өлкө: Иордания, Ирак, Ливан, Түркиянын чегин кесип өтүштү.

Качкындар комиссариаты белгилегендей, кризиске каршы натыйжалуу чара көрүү үчүн аларда убакыт жетишпей жатат. Алдыдагы эң башкы көйгөй - кышка даярдык. Анткени качкындардын көбү чатырларда жашоодо.

Мунун алдында адам укугун коргоочу уюмдар Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң башталгандан берки 19 ай ичинде 30 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын билдиришкен.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун айтымында, 26-сентябрь жаңжал башталгандан берки эң кандуу күн болуп калды. Бүткүл өлкө боюнча бул күнү 300дөн ашуун киши мерт болду. (UE)

XS
SM
MD
LG