Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Испания бюджет чыгымдарын кыскартат


Үнөмдөө чараларына каршы чыккан испандар менен полиция кагылышкан учур. Мадрид, 25-сентябрь, 2012-жыл.
Үнөмдөө чараларына каршы чыккан испандар менен полиция кагылышкан учур. Мадрид, 25-сентябрь, 2012-жыл.
Испан өкмөтү бейшемби күнү жактырган бюджет долбооруна ылайык, 2013-жылы чыгымдар 50 миллиард долларга жакын кыскартылат, ошол эле учурда салыктар көбөйтүлөт.

Карызга баткан испан өкмөтү мындай чарага Европанын Борбордук банкынан жана еврозонадагы өнөктөштөрүнөн каржылык жардам алуу үчүн барууда.

Бирок ошол эле учурда экономика рецессияга түшкөн, жумушсуздук деңгээли 25% чыккан өлкөдө үнөмдөө чараларына каршы нааразылык күчөөдө.

Ушул шаршембиде Мадридде парламент имараты алдына миңдеген адам жыйналган, андан бир күн алдыда полиция демонстранттарды таратуу үчүн желим окторду колдонгон. (UE)

XS
SM
MD
LG