Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

НАТО ооган күчтөрү менен биргелешкен операцияларын кайра жандандырды


АКШ Коргоо министрлиги – Пентагондун билдиргенине караганда, ооган күчтөрү менен биргелешкен операцияларды өткөрүү эки аптага жакын убакыттан кийин кайра калыбына келүүдө.

Эки тараптын аскерлеринин күзөткө биргелешип чыгуусуна чектөө ооган коопсуздук күчтөрүнүy арасынан батыштык кызматташтарына курал көтөргөн учурлар көбөйүп кеткенден кийин киргизилген.

Мындай чабуулдардан быйылкы жыл ичи НАТО кеминде 51 аскерин жоготкон.

АКШ коргоо министри Леон Панетта Пентагондогу басма сөз жыйында белгилегендей, ички кол салуулар НАТОнун коопсуздук үчүн жоопкерчиликти 2014-жылдын аягына барып ооган күчтөрүнө толук өткөрүү планын үзгүлтүккө учуратпайт.

Коопсуздук үчүн жоопкерчиликтин оогандарга өтүшү өз кезегинде НАТО аскерлеринин көбүн Ооганстандан чыгарып кетүүгө жол ачат. (UE)

XS
SM
MD
LG