Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Иракта согушчандар түрмөгө кол салышты


Бейшембиде Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарындагы түрмөгө согушчандар кол салып, камактагы бир нече адамды качырып жиберишти.

Жергиликтүү бийлик тараткан маалыматка караганда, түрмөнүн дарбазасынын алдында мина коюлган унаа жарылып, андан соң куралчан топ түрмөнүн сакчыларына кол салышкан. Тыштан кол салуу болгон учурда түрмөнүн ичинде да башаламандык чыккан. Кол салуудан эки сакчы набыт болду. Түрмөдөн качып кеткен соттолуучулардын саны тууралуу азырынча так маалымат жок. Айрым маалыматтарда согушчандар 250гө жакын соттолуучуну бошотуп кеткени тууралуу айтылып жатат. Алардын көпчүлүгү “ал-Каида” террористтик уюму менен байланышта болгону үчүн соттолгондор.

Учурда Тикритте коменданттык саат киргизилди. Түрмөгө кол салгандар жана качып кеткендер изделүүдө.

XS
SM
MD
LG