Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:22

“Бир дүйнөдөгү” кумсалар жөнүндө тасма нааразылык жаратууда


Бүгүн Бишкекте “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында көрсөтүлө турган “Мен кумса жана мусулманмын” аттуу даректүү тасмага каршы маалымат жыйыны өттү. Ага “Мутакалим" корунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, "Акыл-эс, рух, ыйман" бирикмесинин башчысы Дүйшөн ажы Абдылдаев, дин таануучу Кадыр Маликов баштаган мусулман коомчулугунун өкүлдөрү, Дин иштери боюнча комиссиянын кызматкерлери катышты. Маликов мусулман динин карманган гомосексуал адамдар тууралуу бул даректүү тасманы чагымчыл катары сыпаттады. Ал “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынан кийин бул фильмдин көрсөтүлүшү ар кыл нааразылык акцияларына себеп болушу мүмкүн деп белгиледи.

Нидерландиялык режиссер Крис Беллони тарткан “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасында Мароккодогу гомосексуал мусулмандардын жашоосу баяндалат. Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту бул тасманы Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова бийлик тасма көрсөтүүгө уруксат бериши зарылдыгын, тасманын мазмуну мыйзамга каршы келбестигин “Азаттыкка” билдирди. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG