Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Исмаилова: Кумсалар тууралуу тасманы көрсөтөбүз


Тыюу салынганына карабастан “Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасы бүгүн “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын директору Төлөкан Исмаилова билдирди. Ал тасмага негизсиз тыюу салынганын, анын мазмуну мыйзамдарга каршы келбестигин билдирди. Ошондой эле бул маселени президенттик аппарат жана Жогорку Кеңештин депутаттары чечүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салды. Бул чечим мусулмандардан түшкөн кайрылуулар менен түшүндүрүлдү. Түшкө жуук мусулман коомчулугунун айрым өкүлдөрү бул тасмага каршы маалымат жыйынын өткөрүштү.

Ушул дүйшөмбү күнү башталган “Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалына отуздан ашык даректүү фильм катышууда. Мароккодогу гомосексуалдар тууралуу баяндаган “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы алтынчы жолу өтүп жаткан бул фестивалдын жабылыш аземинде көрсөтүлөрү кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG