Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Спикер Жээнбеков Беларустан Бакиевдерди өткөрүүнү талап кылды


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бириккен улуттар уюмунун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жалпы дебатында сөз сүйлөп, Беларус Курманбек Бакиевди жана анын туугандары өткөрүп бериши керек деп билдирди:

«ЖККУ жана ЕврАзЭШ уюмдарынын алкагында Кыргызстандын шериктеши болуп саналган, Минск жана Кишинев конвенция жоболорунун алкагында өзүнө милдеттенме алган Беларус бийлигинин эл аралык укуктук милдеттенмелерге карата өзүнүн бекемдигин көрсөтө тургандыгына ишеним артабыз», - деп баса белгиледи Жээнбеков.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай,спикер Ооганстандан чыккан маңзаттарга бөгөт коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнө техникалык-экономикалык колдоо көрсөтүлүшү зарыл деп кошумчалады.

Беларус бийлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жаныш Бакиевге саясий мүнөздө айып тагылганын айтып, аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып келет. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG