Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

БУУнун өкүлү Кыргызстандын карызын кечүүгө чакырды


Нью-Йорктогу жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысынын атайын өкүлү Мирослав Енче эл аралык уюмдар менен өнөктөштөрдү Кыргызстандын тышкы карызын кечүүгө үндөдү. Ал Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугушуусунда демократияны өнүктүрүүдө Кыргызстандын жетишкендиктерин баса белгилеп, карызды кечүү маселесинде эл аралык уюмдар Орусия менен Түркия жолун жолдошу керек деп белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандын тышкы карызы 2,8 миллиард долларды түзөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG