Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Алепподо армия менен козголоңчулар ортосунда кармаш уланууда


Сириянын Алеппо шаарында өкмөттүк армия менен козголоңчулар ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын жергиликтүү оппозициянын өкүлдөрү билдиришти. Бирок уруш тууралуу карама каршы маалыматтар түшүүдө. Эрегешчилердин "Тавхид" тобу анын адамдары шаардын жака белиндеги Шейх Максуд конушунда өкмөтчү күрт согушчандар менен кармашып жатканын айтса, мамлекеттик телеканал армия жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте козголоңчуларды сүрүп чыкканын кабарлады. Ал аралыкта өкмөттүк күчтөр борбор шаар Дамасктын түндүгүндө оппозициянын турумдарына чабуул баштаганы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG