Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

ИИМ кызматкеринин кош жарандыгы ачыкка чыкты


Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздукту сактоо башкармасынын башчысынын орун басары кош жарандыкты алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдрди. Башкы прокуратура ички иштер министрине бул мыйзамсыздыкты жолго салуу боюнча билдирүү жөнөттү. Тартип коргоо жана мамлекеттик органдарда башка өлкөнүн жарандыгы менен иштеген кызматкерлерди текшерүү уланууда.

Буга чейин айтылгандай, Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы башка өлкөнүн жарандары экени ачыкка чыгып, жумушунан бошотулган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG