Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Грузияда оппозициянын митингине жүз миңдей адам катышууда


Тбилиси жана Кутаиси шаарларында “Грузин кыялы” оппозициялык коалициясы уюштурган нааразылык акциясына жергиликтүү журналисттердин айтымында, жүз миңден ашуун киши катышууда. Митингде оппозициянын лидери, ири ишкер Бидзина Иванишвили “эл азыркы режим менен кош айтышты, бул 1-октябрдагы шайлоодон кийин мыйзамдашат” деп айтты. Иванишвили азыркы бийликти оппозицияга жасаган куугунтугу үчүн да айыптады.

Бир аз күн мурда башкаруучу “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын жактоочулары да митингге чыккан, анда президент Михаил Саакашвили оппозицияны айыптап сүйлөгөн болчу.

XS
SM
MD
LG