Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Тимошенко видео кайрылуу жасады


7 жылга абакка кесилген Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко Харьков түрмөсүндө дарыланып жаткан жеринен украиналыктарга кайрылуу жасап, алдыдагы парламенттик шайлоодо азыркы бийликтин партиясына каршы добуш берүүгө үндөдү. “Учурда Украинаны мафия башкарууда”,-деди Тимошенко видео кайрылуусунда.

Мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ келишиминде кызматын кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылдын октябрында 7 жылга түрмөгө кесилген. Ал азыр Харьковдогу аялдар колониясында жатат.

Украинада парламенттик шайлоо 28-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG