Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Жүрөк оорусуна аялдар жана жаштар көп кабыла баштады


Бүгүн, сентябрдын акыркы жекшембиси эл аралык жүрөк күнү. Буга карата өткөн аптанын аягында Бишкекте бекер медициналык текшерүүлөр, ар кандай акциялар жана илимий конференциялар уюштурулду. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун орун басары Акбай Сарыбаевдин "Азаттыкка" айтымында, дүйнөдө жана Кыргызстанда өлүмгө эң көп жүрөк, кан тамыр оорулары себеп болот.

- Жүрөк жана кан тамыр оорусу негизи эркектердин жана жашы өтүп калгандардын илдети делет. Бирок изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай, акыркы жылдары Кыргызстанда жана дүйнөдө жүрөк оорсунан өлгөндөрдүн жарымын аялдар түзүп калды. Андан сырткары жүрөк оору өспүрүмдөр жана жаштардын арасында көбөйүүдө. Мунун негизги себеби социалдык абалдын начардыгы.

Жүрөк жана кан тамыр ооруларынан дүйнөдө жылына 17 миллиондон ашуун, Кыргызстанда 18 миңден ашуун адам көз жумат. Кыргызстанда учурда 500дөй адам жүрөгүнө операция жасатуу үчүн кезекте турат.

Жүрөк күнү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк федерациясы тарабынан бекитилип, 2000-жылдан бери белгиленип келатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG